Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы мамлекеттик сатып алууларды тендерсиз жүргүзгөн

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, муниципалитетке 30 миллион сомго жакын зыян келтирилген

УКМК Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мамлекеттик сатып алуулар  тиешелүү тендер өткөрбөй алынган фактысын ачыкка чыгарды.

2011-2018-жылдар аралыгында Билим берүү дирекциясынын кызматкерлери ЖЧКнын биринин өкүлдөрү менен келишим түзүп, лифт агрегаттарын даярдоо, жылуулук жана электр энергиясын, ошондой эле муздак жана ысык сууну эсептөө приборлорун тейлөө жана текшерүү боюнча кызматтарды сатып алышкандыгы аныкталды.

Ошол эле учурда, алдын-ала эсептөөлөр боюнча, муниципалитетке 30 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесине (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык КЖБРдин АСке катталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх