Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Маматалиев кесиптештерине иш бөлмөлөрүн өз каражаттарына оңдоону сунуштады

«Келгиле, компьютерлерди жана буюмдарды өзүбүз сатып алалы. Ошондо мамлекет тарабынан бөлүнгөн 450 миллион сомду КРнын тышкы карызын төлөөгө жумшаса болот "

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев кесиптештерине ар бир эл өкүлү өзүнүн жеке иш бөлмөсүн өз эсебинен оңдоп берсин деп сунуш киргизди. Бул тууралуу саясатчы Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Белгилүү себептер менен азыркы учурда Ак үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж.

Өкмөт оңдоп-түзөө иштерине 450 млн сом бөлүүгө даяр. Бирок 90 % депутаттар иш кабинеттерин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзгөнгө кудурети жетиштүү.

Ар бир депутатка өзүнүн кабинетинин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштайм, келгиле компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз эсебибизден алалы.
Ошондо мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан 450 млн сомду азыркы учурдун биринчи кезекте турган курч маселеси - тышкы карызды төлөөгө багыттай алабыз.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх