Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Бишкекте көп кабаттуу үйдү курууда одоно мыйзам бузуулар аныкталды

УКМК Мамлекеттик тех.инспекциянын кызматкерлери, "Бишкекглавархитектурасы" Мам. архит. курулуш жана ӨКМдин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектенүүдө

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз ишинин жүрүшүндө мыйзамды бузган Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жооптуу кызматкерлери, "Бишкекглавархитектура" ЖЧКсы, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыларын аныктады.

Көчөгө көп кабаттуу үй курууга уруксат берүүчү документтери аныкталды. Ахунбаевге 2019-жылдын август айында "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Экологиялык экспертиза жөнүндө" мыйзамдардын талаптары одоно бузулган, ага ылайык сейил бактардын, скверлердин, чектеш участоктордун, жол жээгиндеги көрктөндүрүү зоналарынын, суу коргоонун чектеринде имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо жана куруу.

2020-жылдын 22-октябрында сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча КЖБРдин АСна катталды.

Учурда аталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын арасынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча керектүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх