Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"КТЖда" темир жол вагондору мыйзамсыз түрдө кесилип, сыныктарга сатылып кеткен (сүрөт)

Каржы полициясы "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлерин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө

Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “Кыргыз темир жолундагы” кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады.

Финансы полициясы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары өздөрүнө жана башкаларга пайда алуу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен, тиешелүү уруксат кагаздары жок, темир жол вагондорун сыныктарга мыйзамсыз кесүү жана сатуу иштерин жүргүзүшкөндүгүн, ошону менен мамлекеттик бюджетке зыян келтиргендигин аныкташты.

Бул вагондор мамлекеттик ишкананын балансында турат.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталган.

Учурда келтирилген чыгымды аныктоо, ошондой эле аталган мамлекеттик ишкананын мүлкүнүн ысырап болушуна жол бербөө үчүн бардык зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ЭКККМКтин басма сөз кызматы
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх