Тополоң учурунда белгисиз адамдар Бишкек шаарынын мэриясынын темир эшигин талкалап, сервер бөлмөсүнө кирип, кымбат баалуу шаймандарды талкалап кетишкен
Ушул себептен "185" колл-борборунун иши убактылуу токтоп турат
Бишкектеги оор саясий кырдаал учурунда, 2020-жылдын 6-октябрында белгисиз адамдар темир эшикти талкалап, мэриянын борбордук аппаратынын сервер бөлмөсүнө кирип, кымбат баалуу шаймандарды бузуп талкалап кетишкен.
24-26-октябрь аралыгында муниципалитет сервердик системаны оңдоп, жаңы жабдууларды орнотот.
Буга байланыштуу 24-октябрда саат 9дан 26-октябрда эртең мененки саат 8ге чейин шаардык мэриянын ыкчам жооп кайтаруу кызматынын - “185” колл-борборунун иши убактылуу токтотулат, башкача айтканда 1850 жана 1840 кыска номерлери убактылуу иштебей калат.
Урматтуу жарандар! Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан учурда, Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна чалыңыз: 0 (312) 591802, 0 (312) 591817.
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www