Чек арадагы чыңалуу. КРнын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Баткен облусуна учуп кетти
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу
2020-жылдын 25-октябрында Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө аймагында болгон чыр-чатактын күчөшүн алдын алуу жана кырдаалды турукташтыруу максатында бүгүн, 26-октябрда Башкы штабдын башчысы - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев иш-чараларды координациялоо үчүн Баткен облусуна учуп кетти.
Ушул тапта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын абалы туруктуу деп мүнөздөлүүдө.
Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз