Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адам өмүрүн алган кырсыктын күнөөкөрүн табууга Чүй облусундагы "Коопсуз шаардын" камералары жардам берди

Жол кайгуул кызматы белгилегендей учурда көпчүлүк эреже бузуулар жаңы техниканын жардамы менен аныкталат

Чүй облусунда "Коопсуз шаардын" камераларынын жардамы менен Жол кайгуул кызматынын инспекторлору аялды коюп кеткен адамды кармоого жетишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облусунун жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 20-октябрда саат 23.00 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун Ивановка айылынын жээгинде чыгыштан батышты көздөй бара жаткан белгисиз унаа айдоочусу 1974-жылы туулган аялды сүзүп, качып кеткен.

Алган жаракатынан улам аял ошол жерден көз жумган.

Ысык-Ата районунун ИИБсы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору Чүй ОИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн издөө тобу менен белгисиз автоунааны издей башташты. Үч күндүн ичинде "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкек-Торугарт унаа жолуна орнотулган бардык видеокамералар каралды. Ушул видеокамералардын жардамы менен, ошондой эле ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын көзөмөлдөө борборунун инспекторлорунун жардамы менен, кагылышуу учурунда жолдун ушул бөлүгүнөн өтүп бара жаткан бир нече унаа тандалып алынган.

Ошентип, полиция кагылышуу учурунда Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа ушул аймактан өтүп кеткенин аныктады. Издөө тобунун инспекторлору унаанын жайгашкан жерин аныкташкан жана айдоочу өзү Кемин районунун 1969-жылы туулган тургуну болуп чыккан.
Унааны текшерип, айдоочудан өзү менен маектешкенде, ал шок абалында болгондуктан, качып кеткенин мойнуна алган.
"Ауди-100" унаасынын 1969-жылы туулган айдоочусу Б.Р кармалып, андан аркы иликтөө иштери үчүн Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Унаа айып жайга коюлган, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

Ошол эле учурда Чүй облусунун Жол кайгуул кызматы Vesti.kg сайтына Коопсуз шаар камералары орнотулгандан кийин инспекторлорго жол эрежесин бузгандарды табуу кыйла жеңилдеди деп билдирди.

- Эми биз мыйзам бузуучуларды гана эмес, мыйзам бузуунун так убактысын дагы так аныктай алабыз, - деп белгилешти ведомстводон.

Сүрөт www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх