Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйшебаев: Эгерде мен президенттин кетерин билсем, анын сунушу жөнүндө олуттуу ойлонмокмун

Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Сооронбай Жээнбековдун азыр кайда экендигин айтты

Маалымат жыйынында журналисттер Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевден экс-президент Сооронбай Жээнбековго кызматтан кетүү чечимин кабыл алышы үчүн кысым көрсөтүлүп жатабы деп сурашты. Ага Дүйшөбаев ал жолугушууга жеке өзү катышкан эмес деп жооп берди.

"Мен Жээнбеков, Жапаров, Ташиев, Мамытов жана Зулушевдин ортосунда кандай сүйлөшүү болгонун билбейм" деди Коопсуздук Кеңешинин мурдагы башчысы. - Мен 14-октябрда Жээнбеков менен сүйлөшкөндө ал кайраттуу жана өзүнө ишенген адам болчу. Ал бүтүндөй конституциялык мөөнөткө чейин мыйзамдуу түрдө иштей тургандыгын жана баардыгын мыйзам чегинде иштөөгө үндөөгө аракет кыларын айтты. Ага ишенип, макул болдум. Мен дайындалдым. Эртеси кетээрин билсем, олуттуу ойлонмокмун. Кысым болгонбу же жокпу, билбейм. Менин билүүгө мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Эгерде жолугушууга мүмкүнчүлүк болсо, мен аны билүүгө аракет кылам.

Журналисттер экс-президенттин жүргөн жери жөнүндө да сурашса, Дүйшебаев Сооронбай Жээнбеков азыр Кыргызстанда, мамлекеттик резиденцияда деп жооп берди. Ошол эле учурда, ал учурдагы кырдаалда бардык зарыл чараларды көрүүгө аракет кылган мурунку мамлекет башчысына карата таарынычтар жок экендигин баса белгиледи.

Кеңешбек Дүйшебаев өлкөдөгү оор кырдаал учурунда бир нече жолу иштөөгө туура келгендигин баса белгиледи.

"Турмуш мени ар дайым коогалаңдуу жерге  жиберет" деп сөзүн улады Дүйшөбаев - 2005-жылы Аскар Акаевич мени 23-мартта Ички иштер министри кылып дайындап, 24-күнү өзү качып кетти. 2010-жылы мен оппозицияда жүргөм, мени камашты. Анан 7-апрелде бизди  чыгарышты . Андан кийин Убактылуу өкмөттүн курамында УКМКнын төрагасы болуп дайындалып, кырдаалды турукташтыруу үчүн болгон аракетимди жумшадым. Эми үчүнчү ыңкылапта дагы мен өзүмдү кооптуу жерден  таптым .

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх