Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын эки вице-мэрин кызматтан бошотту

Нариман Түлеев Москвадан кайтып келгенден кийин кызматтан кетет

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мэрдин турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары Алымбек Абдылдаевди жана социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеваны кызматтан бошотту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбордун муниципалитетинен билдиришти.

Бул кызматтарга ким дайындалаары азырынча белгисиз.

Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэриясына биринчи вице-мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев иш сапары менен жүргөн Москва шаарынан кайтып келгенден кийин кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазары маалымдалган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх