Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Турганбаев: Мен азыркы бийликтин кысымын сезген жокмун

Митингден кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын экс-башчысы суракка чакырылган жок

Парламенттик шайлоодон кийин митингге активдүү катышкан Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын мурунку төрагасы Мелис Турганбаевге азыр тергөө органдары жана азыркы бийлик тарабынан эч кандай куугунтук жок. Бул тууралуу ал өзү Vesti.kg сайтына билдирди.

- Буга эч кандай себеп жок, - деп кошумчалады Турганбаев. - Эмне үчүн мени суракка чакырыш керек? Азыркы бийликтин кысымын сезбей жатам.

Эскерте кетсек, Мелис Турганбаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчылыгынан кетип, Замандаш партиясынын катарында парламенттик жарышка катышуу үчүн кеткен. Добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгына нааразы болгон генерал башка митингчилер менен кошо "акыйкатсыз" шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылып, 5-октябрда Ала-Тоо аянтына жөнөдү.

"Жыйынтыгын жокко чыгарып, талаптарыбызды аткарууга бийликке эки саат убакыт беребиз, антпесе Ак үйгө барабыз" деп Турганбаев митингчилердин алдында трибунага чыгып сүйлөгөн.

Акылай Батырбекова

андан кийин
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх