Аида Исмаилова өкмөттө жакшы иштедим деп эсептейт
Мурунку вице-премьер-министр ал күнү-түнү иштегенин белгиледи
Мурунку вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөттө жакшы иштеди деп эсептейт. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрине талапкер Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Дастан Бекешев Исмаилова өкмөттөгү ишин кандай баалап жатат деп сурады. Ал жакшы иштеди деп жооп берди.
"Мен абдан жакшы иштедим" деди Исмаилова. - Биз күнү-түнү иштеп, ал тургай кабинетте түнөп калдык.
Бекешев Исмаилова шайлоого катышпайм деп убада бергени менен, эмне үчүн катышты деп сурады. Бирок, ал бул маселе боюнча так жооп берген жок.
Өз кезегинде эл өкүлү өкмөттүн өтө начар иштегендигин айтты.
"Координация начар болгонун моюнга алалы" деп баса белгиледи ал. - Дары жок кезде кабмин унчукпай калган.
Исмаилова өкмөт дарыгерлердин ишин калыбына келтирип, ошол эле учурда пандемия менен күрөшүп жатат деп жооп берди.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www