Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Жерүй" Талас облусунун жашоочуларынын жашоосун жеңилдетти (видео)

Жергиликтүү тургундар бөлүнгөн каражатка канча техника сатып алгандыгын айтып беришти

"Жерүй" компаниясы Талас облусунун тургундарына туруктуу колдоо көрсөтүп келет. Ошентип, 2016-жылы ишкананын эсебинен сатылып алынган жабдуулар жергиликтүү тургундардын жашоосун кыйла жеңилдетти.

Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Апышев "Жерүй" компаниясы бөлүп берген 12 миллион сомду айыл кандайча пайдалангандыгын айтып берди.

«2016-жылы айыл өкмөттүн башчылыгына келгенде Талас районунда фонд бар болчу, андан бизге Жерүй компаниясынан алынган 12 млн сом бөлүнүп берилген. Бул каражаттын бир бөлүгүнө биз эки МТЗ-892 тракторун, эки сеялка жана башка көптөгөн нерселерди сатып алдык. 3 миллионго кичи футбол аянтчасын жасадык. Калган каражатка керектүү шаймандар сатылып алынды. Жалпысынан 12 миллион сомдун бардыгын пайдаландык », - деди ал.

Арал айылынын тургуну Бактыбек Сыдыгалиев сатылып алынган шаймандар тууралуу маалыматты тастыктады. Ал Жерүйдүн каражатына сатылып алынган комбайндар жана тракторлор элге жакшы кызмат кылып, жергиликтүү тургундардын жашоосун бир топ жеңилдеткенин белгиледи.


Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх