Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев №47 абакка которулду

Мурунку президент ачкачылыкты токтотту

Алмазбек Атамбаев №47 колонияга которулду. Анын адвокаты Замир Жоошев Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында, мурунку мамлекет башчы буга чейин жарыяланган ачкачылыкты токтоткон. Атамбаев камактын шартына нааразы эмес.

"Кечээ Алмазбек Атамбаев №47 колонияга которулду", - деди Жоошев. - Ал камактын шартына нааразы болгон жок. Ден-соолугунун абалы ошол бойдон - ага толук медициналык жардам керек.

Мындан тышкары, Атамбаевдин жактоочусу анын  абалы кийинки жолугушууга катышууга мүмкүнчүлүк бербей тургандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, алгач Алмазбек Атамбаев УКМКнын СИЗОсунан Бишкек СИЗО-1ге которулган. Анын адвокаттары мурунку президенттин камерасында түтүктөр жана канализациялар иштебегендигин, ошондой эле алар жертөлөгө нааразы болушкан. Ал нааразычылык билдирүү үчүн ачкачылык жарыялаган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх