Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилек Токтогазиев: Жүз күндүн аралыгында жакшы өзгөрүүлөрдү көрсөтөбүз

Министр айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жарыялады

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жарыялады.

Фермерлерди консолидациялоого, санариптештирүүгө жана кайра иштетүү тармагына өзгөчө көңүл буруу пландаштырылууда. Министр чакан дыйкан чарбаларын кооперативдерге бириктирүү зарылдыгы бар экендигин белгиледи. Токтогазиевдин айтымында, бул борборлоштуруп сатып алууларды жүргүзүүгө жана чыгымдарды азайтууга жардам берет.

«Эгерде системалык өзгөрүүлөр жөнүндө айта турган болсок, анда эки-үч жылдын ичинде биз олуттуу өзгөрүүлөрдү көрө алабыз деп ойлойм. Биздин жалпы стратегиябызды карманган шартта. Бул үчүн кадрлардын туруктуулугу маанилүү. Эгер кыска мөөнөттүү пландар жөнүндө айта турган болсок, анда жүз күндүн ичинде биз жакшы өзгөрүүлөрдү көрсөтөбүз », - деп ишендирди ал.

Акылай Батырбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх