Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы 909 үй-бүлө турмуштук оор кырдаалдан чыгарылды

1-октябрга карата 63 бала  багып алган үй-бүлөлөрдө тарбияланып жатышат

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда 2829 оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар аныкталды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Ошондой эле, ушул мезгилде турмуштук оор кырдаалда турган 909 үй-бүлө аныкталды, анын ичинен 455 үй-бүлө ТЖСтен чыгарылды.

Үй-бүлөлүк билим берүүнүн өзгөчө маанисин эске алуу менен, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды тарбиялоонун үй-бүлөлүк формаларын өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 1-октябрга карата 63 бала багып алган үй-бүлөлөрдө тарбияланып жатышат.

Өкмөттүн буйругунун алкагында өткөрүлгөн улуттук кампаниянын жүрүшүндө 698 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Белгиленгендей, документтештирилген балдардын 95и үйдө төрөлгөн, медициналык туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдар, ошондой эле ата-энелеринин өзүлөрү документтери жок, же ата-энелери чет өлкөлүк жарандар болгон балдар.

Быйыл туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 910 бала аныкталып, анын 420сы документтештирилген.

МТС КР
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх