Курманкул Зулушев: Асылбек Жээнбековго кылмыш иши козголгон жок
Буга чейин өзүн Башкы прокурормун деп жарыялаган Сыймык Жапыкеев экс-президенттин бир тууганына козголгон кылмыш ишин жарыялаган
Экс-мамлекет башчынын бир тууган агасы Асылбек Жээнбековго кылмыш иши козголгон жок. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.
"Мен Асылбек Жээнбековго козголгон иш боюнча эч кандай маалымат уккан жокмун", - деди Зулушев. - Биз кылмыш ишин козгогон жокпуз.
Эске салсак, башаламандыкка айланган массалык нааразычылыктардан кийин өзүн Башкы прокурордун милдетин аткаруучу деп жарыялаган Сыймык Жапыкеев экс-президент Асылбек Жээнбековдун агасы, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Бажы кызматынын башчысынын орун басары Раимовго каршы иш козгогонун айткан. ".
Элдос Казыбеков
Сүрөт www