Садыр Жапаров перзиденттин м.а ыйгарым укуктарын 14-ноябрга чейин өткөрүп берет
Саясатчы президенттик шайлоого катышууну көздөп жатат
Премьер-министр мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу ниетинде. Бул тууралуу ал Аймак каналына түз эфир учурунда билдирди.
Жапаровдун айтымында, ал ыйгарым укуктарын ушул жылдын 14-ноябрына чейин өткөрүп берет.
"Мыйзам боюнча, президенттин милдетин аткаруучу мамлекет башчысын шайлоого катыша албайт", - деди ал. - Бирок мен 14-ноябрга чейин ыйгарым укуктарымды өткөрүп берип, шайлоого катышам.
Эске салсак, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз