ЖКнын жаңы спикери Талант Мамытов мурунку спикерлерге калпак жана чапандарды белек кылды
Парламент төрагасы салтка айлангандай, ал өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштейм деп убада берди
Жаңы шайланган ЖК төрагасы Талант Мамытов парламентчилердин алдында сөз сүйлөдү. Ал кесиптештерине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн жана элдин жыргалчылыгы үчүн иштейм деп убада кылды.
Салтка ылайык, Мамытов мурунку спикерлер - Канат Исаев менен Дастан Жумабековго улуттук ак калпак жана чапандарды белек кылды.
Эске сала кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында жаңы спикер шайланды. Канатбек Исаев кызматтан кетти. Ал президенттикке талапкерлигин коюуну көздөп жатат.
Акылай Батырбекова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз