"Финпол" депутат Кубанычбек Жумалиевге таандык жайларды тинтип жатат (видео)
Инспекторлор буга чейин "Гоин" соода борборун, "Таатан" базарын жана Эл аралык инновациялык технологиялар университетин текшеришкен
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) кызматкерлери ЖКнын депутаты Кубанычбек Жумалиевге таандык жайларда тинтүү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.
Белгилүү болгондой, "каржы полициясы" буга чейин "Гоин" соода борборунун имаратын, "Таатан" базарын, ошондой эле Эл аралык инновациялык технологиялар университетин текшеришкен.
Эске салсак, Сыймык Жапыкеев Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп дайындалганга чейин депутат Кубанычбек Жумалиевди коррупцияга аралашкан деп бир нече жолу айыптаган.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www