Бишкек шаарынын мэринин м.а борбордогу бардык тойканаларды убактылуу жабууну чечти
Жакын арада шаар бийлигинин расмий чечими чыгат
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев борбордогу бардык тойканаларды убактылуу жабууну пландап жатат. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, ресторан жана кафелердин ээлери бишкектиктердин өмүрүнө коркунуч келтирүүдө.
- Коронавирустун абалы оорлоп баратат, - деп жазган мэр. - Биз силерден суранып жатабыз, бирок силер бизди укпай жатасынар. Силер бүтүндөй шаарга коркунуч келтирип жатасыңар. Биз шаарды карантинге сала албайбыз, эл кыйналат.
Шаардын убактылуу башчысы ресторан кафе ээлерине кайрылды. Түлөбаев белгилегендей, бардык тойканаларды 15 күнгө жабуу пландаштырылууда.
"Тиешелүү чечимди жакынкы аралыкта чыгарабыз" деп айтылат кайрылууда.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www