Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри менен сүйлөштү

Тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызматташуусунун келечегин талкуулашты

Бир күн мурун Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон сүйлөшүүсү болуп өттү. Эки мамлекеттин өкүлдөрү учурдагы кырдаалды жана кызматташуунун келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн сайтында маалымдалды.

«Тараптар соода-экономикалык, транзиттик, транспорттук жана суу энергетикалык чөйрөлөрүндө кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле ЕАЭБ интеграциялык бирикмесинин алкагында өз ара аракеттенүү маселелери жана COVID-19 жайылышына каршы күрөшүү тажрыйбасы каралды », - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, 29-октябрда Премьер-министр Аскар Мамин Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алган. Тышкы иштер министри кризистен кийинки мезгилде бюджетти колдоо үчүн каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх