Бишкекте Ак үйдүн тосмосун бузуу иштери башталды (видео)
Стратегиялык объектти кайтаруу улантылат, өткөрүү пункту болот
Бишкекте Ак үйдүн тосмосун бузуу иштери башталды. Жумушту "Тазалык" муниципалдык ишканасы аткарат.
Парламент төрагасы Талант Мамытов Vesti.kg сайтына билдиргендей, имарат минималдуу коопсуздукка ээ болот.
- Текшерүү пункту калат, имаратка документтер менен гана кирүүгө болот, - деп түшүндүрдү баяндамачы.
Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тосмону бузгандан кийин Ак үйдүн жанындагы аянтты жашылдандыруу долбоору башталаарын билдирди.
Вероника Малышева
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз