Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин койбойт. Ал Садыр Жапаровду колдойт

"Мен Садыр Нургожоевичтин мурунку бийлик башчыларынын каталарын кайталабай тургандыгын жана радикалдуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм"

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин койбойт. Бул тууралуу саясатчы Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жарыялады.

«Өлкөбүздөгү саясий жана экономикалык оор кырдаалды бардыгыбыз көрүп турабыз. Ошол эле учурда, бизде бул кырдаалды түп-тамырынан өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар. Биз 5-октябрда башаламандык уюштурган бардык тутумдук көйгөйлөрдү жок кыла алабыз!

Кечээ мен Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн зарыл болгон өтө терең темаларды ачык талкууладык. Эркиндик жана демократия биздин мамлекеттин негизги баалуулуктары экендигин түшүнгөндүктү мен ачык байкадым. Ал эми Садыр Нургожоевич мурунку бийлик башчыларынын каталарын кайталабайт жана радикалдуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм.

Биз дагы аны менен конституциялык реформаны кеңири талкууладык. Бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук тутумун түзүү абдан маанилүү. Сот системасынын толук көзкарандысыздыгын камсыз кылуу жана парламентти чыңдоо зарыл экендиги жөнүндө так түшүнүк бар.

Мени колдогон бардык адамдарга, менин пикирлеш адамдарыма ыраазычылык билдирем. Партиялаштарым менен сүйлөшкөндөн кийин өзүмдү Кыргызстандын Президентинин кызмат ордуна көрсөтпөөнү чечтим.

Мен Садыр Нургожоевичтин талапкерлигин колдоону чечтим », - деп жазган Бабанов.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх