Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын профсоюздары депутаттарды митингдер менен коркутууда

Федерация парламент экинчи окууда кабыл алган мыйзамга каршы 

Кечээ депутаттардын “Прфсоюздар жөнүндө” мыйзамды экинчи окууда кабыл алгандыгы Кыргызстандынпрофсоюздарды нааразы кылууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында Профсоюздар федерациясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Рысгүл Бабаева билдирди.

"Мыйзамдын мындай редакциясын кабыл алууга болбойт деп канча жолу айттык, бирок алар бизди уккан жок", - деп нааразы болду ал. - Анын үстүнө мындай тыянактарды президенттик администрациянын юристтери берген. Мыйзамдын депутаттар тарабынан сунушталган варианты жарандардын жана кесиптик бирликтердин укуктарын бузат. Бизге нааразычылык акциясына чыгууну сунушташты.

Бабаева КРнын Профсоюздар Федерациясы парламенттен мыйзамды кабыл алууну токтото турууну жана сүйлөшүү столуна отурууну суранып жаткандыгын айтты.

Өз кезегинде Тоо-металлургиялык профсоюзунун  төрагасы Элдар Таджибаев бул мыйзамды депутат Гүлкан Молдобекова лобби кылып жаткандыгын айтты.

"Буга чейин анын күйөөсү Федерациянын төрагасы болгон жана ал бул мыйзамды ага арнап жазган, бирок анын кабыл алынышына каршы", - деди ал. - Эгерде алар бизди укпаса, анда биз митингдерге чыгабыз.

Сүрөт www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх