Сооронбай Жээнбеков жума намазга коопсуздук кызматкерлерисиз жалгыз келди (сүрөт)
Мурунку президентти Жал кичи районунда жайгашкан мечиттен байкашкан
Бүгүн, 6-ноябрда Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков мечитте жума намазында байкалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына тиешелүү сүрөттү жөнөткөн окурман билдирди.
Жарандын айтымында, Жээнбеков коргоосуз, жалгыз болгон. Намаз "Жал" кичи районунда жайгашкан мечитте өттү.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда расмий түрдө кызматтан кеткен.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз