10 ай ичинде Кыргызстанда 256 миң чет элдик жаран катталган
МКК чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар каттоодон өтүшү керектигин эскертет
Ушул жылдын 10 айында Кыргызстанда дээрлик 256 миң чет элдик жаран каттоодон өттү.
МКК Кыргызстандын аймагына келген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар каттоодон өтүшү керектигин эскертет. Ал каалаган аймактык паспорт бөлүмдөрүндө, турган жерине карабастан, “Чет элдиктерди каттоо” автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу жүргүзүлөт.
МККнын portal.srs.kg электрондук кызматтар порталында чет өлкөлүк жарандарды убактылуу жашаган жери боюнча онлайн режиминде каттоодон өткөрүү мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.
2020-жылдын 1-январынан 31-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында 257 956 чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адамдар катталган, анын 123 589у Россия Федерациясынын жана 18 204ү Казакстандын жарандары болгон.
Россия Федерациясынын жарандары, РК, Индия, Монголия 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында каттоодон өтүшү керек:
Түркия жарандары - 90 күн;
Тажикстан - 60 күн;
Германия - 60 күн;
Түркмөнстан - 10 күн.
ММК басма сөз кызматы
сүрөт www