"Каржы полициясы" бюджетке 280 миллион сомдон ашык суммадагы дагы бир компенсация төлөп берди
Бул тиешелүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки процесстин алкагында болду
ЖЧК "А.К.га" карата сотко чейинки иликтөө ишинде Мамлекеттик бюджетке тийиштүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактысы боюнча, ушул жылдын октябрь айында 281 миллион сомдон ашык сумманын орду толтурулган. Бул тууралуу ЭКККМК билдирет.
Учурда Финансы полициясы өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана мамлекетке экономикалык, коррупциялык жана кызмат абалынан келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чараларды улантууда.
ЭКККМКтин басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз