Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот Марат Сыдыков Кой-Таш окуясы боюнча сот ишин мындан ары өткөрбөйт

Адвокат Ирина Карамушкинанын өтүнүчүн канааттандырды

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковду, адвокат Ирина Карамушкинанын төрагалык кылуучу судьяны кызматтан алуу жөнүндө өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу экс-президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ошентип, Марат Сыдыков мындан ары Кой-Таштагы окуялар боюнча сот ишин жүргүзбөйт.

Эскерте кетсек, буга чейин сотто мурунку мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев камакта калууну суранып, ал баарына чыдай тургандыгын айткан. Кой-Таш окуялары боюнча жаңы сот жараянынын мөөнөтү 11-январга чейин узартылды. Атамбаевдин бир катар тарапкерлеринин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы узартылды. Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязов 9-октябрда Ала-Тоо аянтында массалык баш аламандык уюштурган деген шек менен темир тор артында калышат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх