УКМКнын кызматкерлери балдарды уурдап жатат деген ушактарды таратуучуларды издеп жатат
УКМК ыкчам издөө иши эч качан жашы жете элек балдарды иш аракетине колдонбостугун белгиледи
Социалдык тармактарда УКМК кызматкерлеринин аракеттерине байланыштуу, алардын Нарын облусунда жашы жете элек балдарды коркутуп-үркүтүүгө катыштыгы бар деген билдирүүлөрү байма-бай жөнөтүлүп жаткандыгына байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет.
Таркатылган маалымат чындыкка дал келбейт. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн ыкчам издөө иш-аракеттеринде эч качан жашы жете элек балдарды колдонбойт.
Учурда УКМК аталган билдирүүлөрдү түзүүгө жана жайылтууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.
УКМК ушул сыяктуу мүнөздөгү чагымчыл жана башка билдирүүлөрдү тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www