Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин м.а : Райымбек Матраимов акчаны төлөсөм, пайдалуу болот деди

Садыр Жапаров карындашына коюлган айыптар саясий буюртма экенине ишенет. Ал экс-вице-премьер-министр Асрандиевге ишенбөөгө чакырат

Бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши азырынча жабыла элек. Бул тууралуу пресс-конференцияда президенттин милдетин аткаруучут жана премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

- Бул иш сотко жете элек, эгерде биз аны жапсак, анда мамлекеттин эч кандай пайдасы жок болчу, - деди ал. - Мен бул маселе боюнча УКМКнын башчысына кайрылдым. Ал эми Матраимов өзү акчаны төлөп берсем, пайдалуу болом дейт.  Ошол эле Атамбаевди жана анын тарапташтарын алгыла - алар 2 жылдан бери түрмөдө отурушат, бирок өлкөгө мындан пайда жок.

Мындан тышкары, мамлекет башчынын милдетин аткаруучуга кылмыш жолу менен издөөдө жүргөн эжеси Райкүл Жапарова боюнча суроо берилди.

- Ооба, мен экс-вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин эжем жөнүндө жазганын окудум, - деп жооп берди ал. - Бирок бул саясий буйрук. Асрандиев менин атаандашым. Менде документтердин көчүрмөлөрү бар, кааласаңыз окуй аласыз. Бирок эл ким биринчи жазса, ошого ишенет.

Вероника Малышева
Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх