Эми майыптар санаторийлерге жолдомолорду өз алдынча сатып алуу үчүн акча ала алышат
Аны менен бирге ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга курорттук дарыланууга 3521 жолдомо берилди
2020-жылдын 1-октябрына карата 6598 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам (ДМЧА) жеке жүрүүчү каражаттар, протездик-ортопедиялык буюмдар жана башка керектүү каражаттар менен камсыз болгон.
Министрлик ортопедиялык бут кийимдердин сырткы түзүлүшүн жакшыртуу, протездик буюмдардын жаңы технологиясы өздөштүрүлүп жана колдонулуп жаткандыгын белгилейт.
Майыптык кресло-коляскасы менен 1870 ден-соолгунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам камсыз болгон, алардан ДМЧ балдар – 924.
Санатордук-курортук жолдомолор 3521 ДМЧА берилген.
ДМЧАлардын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жакшыртылгандыгын белгилей кетүү керек. Эми ДМЧАлар санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду өз алдынча сатып алууга каражат алышып, дарылоочу дарыгер дайындаган жерге барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Министрликке караштуу Реабилитациялоо борборунан реабилитациялоо курсунан 272 ДМЧА өткөн, анын ичинде 23 ДМЧ балдар. Ошондой эле, аталган борбордон 42 ДМЧА компьютердик билим, тигүү жана бычуу курстарынан өткөн.
КР ЭСӨМ басма сөз кызматы
Фото www