Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ыктыярдуу дарыгерлердин жана ыктыярчылардын штабы ачылды

Ал жерде 20 ыктыярдуу кыймыл, 15 коомдук фонд, кайрымдуулук жана өкмөттүк эмес уюмдар бириккен

Бүгүн Бишкекте ыктыярдуу дарыгерлердин жана ыктыярчылардын республикалык штабы ачылды.

Бүгүнкү күндө ал жакта мекендештерге биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн 20 ыктыярдуу кыймыл, 15 коомдук фонд, кайрымдуулук жана өкмөттүк эмес уюмдар бириктирилген.

Көрсөтүлгөн жардамдын түрү боюнча ыктыярчылардын бирдиктүү базасы түзүлдү: медициналык ыктыярчылар, ыктыярдуу айдоочулар, гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар, анда жолугушуулар өткөрүлөт, уюштуруу маселелери каралат.

Бир айдын ичинде борбор калаанын мэриясы менен мындан ары кызматташуу боюнча фонддордун, уюмдардын, кыймылдардын ортосунда меморандумга кол коюу пландаштырылууда.

Штаб Ибраимова көчөсү, 100 дарегинде жайгашкан (Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиши).

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх