Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Россия менен авиакаттамдардын санын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, коронавирус боюнча статистика Россияда көзөмөлдөнүп турат

Кыргыз өкмөтү Россия менен каттамдардын санын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Москвага учуу үчүн биз коронавирус боюнча Россиянын штабынын башчысынын ырастоосун күтүп жатабыз" деп жазган ал. - Чет өлкөлөрдө алар биздин абалыбызды статистика, сандар боюнча көзөмөлдөп, күтүп жатышат.Экономиканын бардык тармактарын калыбына келтирүү үчүн карантинге чейинки мезгилдегидей эле, каттамдардын санын артка кайтаруунун үстүндө иштеп жатабыз.  "-дейт вице-премьер-министр .

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх