Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльвира Сурабалдиева Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунун эки жаңы имаратынын ачылышына катышты

Вице-премьер-министр ошондой эле балдардын онкогематологиялык имаратын куруу үчүн капсула салууга катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы эки жаңы имараттын: клиника-диагностикалык блоктун жана органдарды трансплантациялоочу гематология бөлүмүнүн салтанаттуу ачылышына катышты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, заманбап талаптарга жооп берген балдар медициналык мекемесинин ачылышы жалпы республикабыз үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

«Жаңы корпустардын курулушу «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан долбоордук-сметалык документтерди, медициналык жана медициналык эмес буюмдарды кошо алып караганда каржыланган. Демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Жаңы ишке берилген мекемелер балдардын ден-соолугун чыңдоо максатында жемиштүү иш алып баруусун каалайбыз. Медициналык кызматкерлер жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу адистерден туруп, медициналык тейлөөнү мыкты деңгээлде көрсөтөөрүнө ишеним билдирем», - деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.

Мындан тышкары, вице-премьер-министр балдардын онкогематологиялык имаратынын курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты.

Маалымдама: Жаңы имараттардын курулушу 2019-жылдын август айында башталып, толугу менен «Центр Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган, анын ичинде долбоордук-сметалык документтер, медициналык жана медициналык эмес жабдуулардын жалпы суммасы 198 800 000 сомду түзгөн.

Органдарды трансплантациялоо менен балдардын гематология бөлүмүнүн биринчи үч кабаттуу имаратында: операция бөлүмү, реанимация бөлүмү, 40 орундуу стационардык керебеттер жана 8 орундуу реанимация бөлүмдөрү, бөйрөктүн курч жетишсиздиги менен ооругандар үчүн - 3 орундуу гемодиализ бөлүмү жайгашкан.

Клиникалык диагностика бөлүмүндө консультативдик-диагностикалык бөлүм жана керектүү медициналык шаймандар менен жабдылган лаборатория жайгашкан.


Мамлекеттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх