Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Элмырза Укубаев "Кыргызалтын" ААК Башкармалыгынын Төрагасы болуп шайланды

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү анын өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аягына чейин аткарарын белгилешти, анткени ал жер казынасын пайдалануу жаатында чоң тажрыйбага ээ болгон

Бүгүн, 13-ноябрда, "Кыргызалтындын" директорлор кеңешинин жыйынында Элмырза Укубаевди директорлор кеңешинин төрагасы кылып дайындоо чечими кабыл алынды.
Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Укубаев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарарын белгилешти, анткени ал жер казынасын пайдалануу жаатында бай тажрыйбага ээ жана тоо-кен тармагындагы чыныгы абалды жакшы билет.

Укубаев Элмырза Аманбекович, адистиги - тоо инженери, пайдалуу кендерди иштетүү. 2009-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтун аяктаган.

2017-жылы өкмөттүн аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн жер казынасын пайдалануу секторунун башчысы болуп иштеген. 2019-жылы - президенттик администрациянын стратегиялык пландаштыруу, экономика жана каржы бөлүмүнүн эксперти.


2012-2013-жылдары "Кумтөр" долбоорунун ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгон. 2012-жылдан ушул күнгө чейин Кумтөр долбоору менен алектенип келген.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх