Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Альянс Алтын" компаниясы Талас районундагы эки айылды өнүктүрүүгө 8 миллион сом бөлдү (видео)

Жашоочуларга керектүү шаймандар, ошондой эле таза суу берилди

"Альянс Алтын" компаниясы Талас районундагы Түйтө жана Ынтымак айылдарын өнүктүрүүгө 8 миллион сомго жакын каражат бөлгөн. Бул тууралуу Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы Медеркул Ызабеков билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы айыл өкмөтү керектүү шаймандар менен камсыз болуп тургандай кылып, өнүгүү фондуна долбоор жазган. Тургундардын суранычы канааттандырылды - экскаватор жана трактор бөлүнүп берилди.

"Бизге таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн да каражат берилди" дейт Ызабеков. - Жалпысынан компания бизге эки айылды өнүктүрүүгө 8 миллион сомго жакын каражат бөлүп берди.


Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх