Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Батукаевди бошотуу боюнча сот процесси дагы жылдырылды

Жогорку Соттун имаратына Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери бары бир  келишет

Кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, соттун ооруп жаткандыгына байланыштуу сот отуруму жылдырылды.

Ал ортодо, мурунку мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарынын бири Замир Жоошев Vesti.kg менен болгон маегинде алар кандай болсо дагы сот отурумуна келебиз деп билдирди.

"Бүгүнкү жолугушуу кийинкиге жылдырылды деп уктук" деди Жоошев. «Кандай болгон күндө дагы, процессуалдык эрежелерге ылайык, бул жөнүндө сот залынан угушубуз керек. Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары саат 14: 00дө Жогорку Соттун имаратына келишет.

Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаев УКМКнын абагынан Бишкектеги СИЗО-1ге которулган. Анын адвокаттары жер төлөдө жайгашкан экс-президенттин камерасында түтүктөр жана канализация тутумдары иштебей жатат дешкен . Ал нааразычылык билдирүү максатында ачкачылык жарыялаган. Бирок кийинчерээк ал №47 колонияга которулган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх