Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Молдованын президенти аял киши болду

Санду менен Додондун ортосундагы ажырым 115 миңден ашуун добушту түзөт

Молдованын мурунку премьер-министри, оппозициядагы "Аракет тилектештиги" партиясынын төрагасы Майя Санду жекшембиде өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

98% шайлоо участокторунан келген протоколдорду эсептеп чыккандан кийин, Санду 54%, анын оппоненти, учурдагы президент Игорь Додон 46% добуш алды. Алардын ортосундагы ажырым 115 миңден ашуун добушту түзөт - дээрлик 800 миң шайлоочу Сандуну колдошсо, 685 миңи Додон үчүн добуш беришкен.

Молдова диаспорасы негизинен Сандуга добуш бергендиктен, чет өлкөлөрдөгү 50гө жакын шайлоо участкаларындагы добуштарды саноо кала берет, ал эми ажырым барган сайын көбөйүп баратат. Чет өлкөлөрдөгү шайлоолорго 260 миңден ашуун шайлоочу катышты, алардын 80% дан ашыгы Сандуга добуш берди.

Натыйжада, талапкерлердин ортосундагы ажырым ички добуштарды эсептөөдөн кийин 3% дан 8% га чейин өстү. Шайлоонун акыркы жыйынтыктары дүйшөмбү күнү эртең менен АКШ жана Канададагы шайлоо участкалары жабылып, добуштарды эсептегенден кийин жарыяланат.

Ошол эле учурда, Додон Приднестровье боюнча 85,8% добуш алган, бирок бул жалпы күч балансына таасирин тийгизген жок. Майя Санду шайлоочуларына ыраазычылыгын билдирди. Ал шайлоо учурунда бөлүнүп-жарылган коомду бириктирип, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө убада берди.

Ошондой эле ал парламентти таркатуу жана кезексиз парламенттик шайлоону өткөрүү ниетин билдирип, бул маселеде башка саясий күчтөр менен кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

Молдованын учурдагы президенти Игорь Додон жеңилгенин азырынча мойнуна ала элек. Ал дүйшөмбү күнү саат 11: 00дө өлкөнүн жогорку жетекчилигинин жолугушуусунан кийин брифинг өткөрүүнү убада кылды.

Жекшембиде Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. 1-ноябрда өткөн биринчи айлампада Санду 36,16%, Додон 32,61% добуш алган.

Президент төрт жылдык мөөнөткө шайланат. 2016-жылы Додон Сандуну 4% га жеңип алган.

Молдованын учурдагы президентинин мандаты 23-декабрда аяктайт. Жаңы мамлекет башчынын инаугурациясы ушул күндөн кийин дароо болот.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх