Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Альянс Алтындын экинчи траншы: дагы 30 миллион сом

Бул каражатка билим берүү, медицина, спорт, социалдык коргоо жана башка тармактарда буга чейин ондогон долбоорлор ишке ашырылган

Жалпысынан 30 миллион сомдук экинчи транш "Альянс Алтын" ЖЧКсынан алынды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Билим берүү жаатында жалпы суммасы 5 млн 479 миң 215 сомго 21 долбоор жактырылып, ишке ашырылды.

Саламаттыкты сактоо жана калкты медициналык тейлөө жаатында жалпы суммасы 2 миллион 610 миң 600 сомго 8 долбоор ишке ашырылды.

Социалдык коргоо жаатында ДМЧАлар жалпы суммасы 2 млн 346 миң сомдук 8 долбоорду ишке ашырышты.


Маданият жаатында буга чейин жалпы суммасы 1 миллион 605 миң 550 сомго 20 ар кандай долбоорлор жактырылган.

Дене тарбия жана спорт жаатында жалпы суммасы 5 млн 492 миң 400 сомдук 32 долбоор жактырылып, ишке ашырылды.

Инфраструктураны колдоо жана өнүктүрүү боюнча жалпы суммасы 7 млн ​​960 миң сомго 10 долбоор жактырылды.

Талас районунда айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында жалпы суммасы 2 млн 395 миң 373 сомго 5 долбоор жактырылып, ишке ашырылды.

Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн 781 миң 586 сомго 3 долбоор ишке ашырылды.

Укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, жалпы суммасы 1 миллион 439 миң 800 сомду түзгөн 4 долбоорду ишке ашырышты.

Сүрөт жана видео www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх