Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МКК электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаалардын "техникалык паспортторун" киргизүүнү пландаштырууда

Долбоор Бишкек шаарында сыноодон өтүп, бир жылга эсептелген

Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү жана транспорттук каражаттарды каттоо күбөлүктөрүн киргизүү пландаштырылууда.

Долбоордун техникалык иштеп чыгуучусу Мамлекеттик каттоо кызматы. Бул долбоорду ишке ашырууда өнөктөштөр - Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы.

Долбоор Бишкекте сыноодон өтүп, бир жылга эсептелген.

Транспорттук каражаттарды башкарган адамдарды идентификациялоо үчүн пилоттук программалык чечимди колдонуу, келечекте мобилдик тиркеме аркылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жана транспорттук каражаттарды каттоо күбөлүктөрүнүн электрондук формасына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул долбоорду ишке ашыруу республикалык бюджеттен каржылык чыгымдарды бөлүүгө алып келбейт.

Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери мурун сатылып алынган планшеттик компьютерлерди колдонот.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх