Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин м.а Талант Мамытов ТИМ Руслан Казакбаевди кабыл алды (сүрөт)

ТИМге бир катар конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңеш Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 17-ноябрда, өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТИМ башчысы өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгү, жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча иштер, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо маселелери тууралуу маалымат берди.

Президенттин милдетин аткаруучу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки жакка тең пайдалуу жана иштиктүү байланыштарды ырааттуу өнүктүрүү үчүн тышкы саясатты мындан ары натыйжалуу жүргүзүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Талант Мамытов Тышкы иштер министрлигинин алдына өлкөнүн тышкы саясий курсун мындан ары натыйжалуу ишке ашырууга багытталган бир катар конкреттүү милдеттерди койду.


Президенттик аппарат маалыматтык саясат бөлүмү
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх