Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстандан гуманитардык жүктүн экинчи партиясы келди

Коңшу өлкө КРга үч миң тонна дан берди. Жакынкы күндөрү 400 орундуу оорукананын атайын контейнерлери келет

Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. Садыр Жапаровдун жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеевдин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Ош шаарына гуманитардык жүктүн экинчи партиясы жеткирилди.

Гуманитардык жүктү кабыл алуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов жана «Узбекистон темир йуллари» АК жетекчиси Хуснитдин Хасилов катышты.

Жарасул Абдураимов белгилегендей, бир тууган эки элдин ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана коңшулук жакшы мамиле багытында өнүгүүдө.

«Ириде, биз жакын коңшуларбыз жана мындан ары карай өз-ара кызыкчылыктарды эске алуу менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биз сиздердин колдооңуздарды баалайбыз жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө көрсөтүп жаткан колдооңуздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Өз кезегинде өзбек делегациясынын башчысы Хуснитдин Хасилов кыйын кырдаалда бир тууган элдер ар дайым бири-бирине жардамга кол сунуп келишкенин билдирди.

«Биздин элдер ортосундагы мамилелер кылымдар бою калыптанып келген. Биздин тарыхыбыз бир жана достук мамиледеги кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө кызыкдарбыз», - деп кошумчалады ал.

Темир жол аркылуу жеткирилген гуманитардык жүктүн курамында 3 миң тонна дан бар. Жакынкы күндөрү кезектеги темир жол рейси аркылуу Кыргызстанга 400 орундук оорукана үчүн атайы контейнерлер келээри күтүлүүдө.

Белгилесек, жетишилген макулдашууларга ылайык, Бишкек шаарында жана Баткен облусунун Кадамжай районунда коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы туруу алкагында 200 орундук 2 мобилдик оорукана курулмакчы.

Эскертсек, 2020-жылдын 15-ноябрында өзбек тараптан COVID-19 каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында медициналык буюмдар жана дары-дармек каражаттары түрүндө гуманитардык жүктүн биринчи партиясы жеткирилген.

КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх