Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Бишкек кинотеатрлары ачылабы? Шаардык мэрия жана өкмөт так жооп берген жок

Мындан мурда борбордо кинотеатрлар кайрадан иштей баштайт деген маалымат пайда болгон

Бүгүн Бишкекте, тастыкталбаган маалыматтарга ылайык, кинотеатрлар жана тез тамактануучу бурчтар кайрадан ачылышы керек болчу. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, мындай чечим коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынган имиш. Бирок кийинчерээк штаб өкмөттүн расмий буйругу керек деп билдирди.

Vesti.kg сайты Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы менен байланышып, алар так жооп бере албай, өкмөттүк аппаратка кайрылууну сунушташты.

- Биз өзүбүз өкмөттүн буйругун күтүп жатабыз, - деп түшүндүрдү муниципалитеттин басма сөз кызматынын кызматкери Назгүл Жамгырчиева. - Өкмөттүн кеңсесине кайрылыңыз.

Редакция министрлер кабинетине кайрылды, бирок ал жердеги кырдаалды тактоого мүмкүн болгон жок. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев дагы тактай алган жок.

- Билбейм, - деп жооп берди ал Vesti.kg сайтына.

Эскерте кетсек, кечээ жалпыга маалымдоо каражаттарында бүгүнтөн баштап кинотеатрлар менен тез тамактандыруучу жайлардын иши жанданаары тууралуу маалымат тараган. Пандемия башталгандан бери, 8 айдан бери кинотеатрлар жабык турат.

Акылай Батырбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх