Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК УКТга каршы күрөшүүнүн алкагында Ош облусундагы айыл өкмөт башчыларынын үйлөрүндө тинтүү жүргүздү

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын үйүнөн курал табылып, экспертизага жөнөтүлгөн

УКМК Ош шаарында жана Ош облусунда кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту түзүү, уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерин аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле криминалдык элементтердин региондогу коомдук-саясий кырдаалга таасиринин алдын алууга багытталган сотко чейинки процесстин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Ушул сотко чейинки процесстин алкагында 18-ноябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын турак жайларында издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын үйүн тинтүү учурундакурал табылып, ал экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда УКМК кылмыш ишинин алкагында Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иш бөлмөсүнө мөөр бастырды.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх