Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖАМКда Мелис Турганбаевди салтанаттуу узатуу аземи болуп өттү

Эске салсак, генерал акыркы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кеткен

Бүгүн, 2020-жылдын 19-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында милициянын генерал-майору Мелис Токтомамбетович Турганбаевге арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, ички кызматтын полковниги Аскат Эгембердиев жана анын орун басарлары, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, мекемелердин жетекчилери жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери катышты.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев өз сөзүндө Мелис Турганбаевге тутумду реформалоодо сиңирген эбегейсиз эмгеги, пенитенциардык кызматтын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип, ага "Ардагер" медалын тапшырды, салттуу түрдө ак калпак жана чепкен белек кылды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары, Кайтаруу жана күзөт департаментинин башчысы, полковник Улан Бердикожоев дагы департаменттин ишине көрсөткөн колдоосу үчүн өзүнүн жана курамдын атынан генералга ыраазычылыгын билдирип, “Кадыр” медалын тапшырды.

Салтанатта ардагерлер кеңешинин төрагасы Алибай Нишанбаев өзүнүн жана ардагерлердин атынан ыраазычылыгын билдирип, Мелис Турганбаевдин аркасында пенитенциардык тутумда “Ардагерлер күнү” түзүлүп, салтанаттуу белгиленип келе жатканын белгиледи.

Мекемелердин жетекчилеринин атынан аскер полковниги Калыбек Калмаматов ыраазычылык сөзүн сүйлөп, өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында тутумда эбегейсиз зор иштер жасалгандыгын айтты. Ал ошонун аркасында учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелериндеги кырдаал көзөмөлгө алынып, тартип, коопсуздук маселеси жакшы жолго коюлганын билдирди. Ал Турганбаевге ийгилик жана бакубаттуулукту каалап, ага мекемелердин жетекчилеринин атынан суусар тебетей улуттук баш кийимин кийгизди.

Генерал-майор Мелис Турганбаев өз кезегинде аталган кызматка келген алгачкы күндү эскерип, ага кызмат кылуу үчүн болгон аракетин жумшаганын айтып, кызматтын потенциалын жана келечегин белгиледи. Ал ошондой эле, кызматкерлерге биргелешип кызмат көрсөтүүдөгү жигердүү аракеттери, ага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, баардыгына чың ден-соолук жана татаал жумушта чыдамдуулук каалады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк курамы Милициянын генерал-майору Мелис Турганбаевге чың ден-соолук, үй-бүлөдө бакубатчылык, жаңы жеңиштерди жана жаңы ийгиликтерди каалайт.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх