Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында спортчулар Сүйүн Өмүрзаковдун инисин колдогон митинг уюштурушту

Чогулгандар ИИМдин башчысынын биринчи орун басарынын тууганын бошотууну талап кылышты

Ош шаарында саат 10:00 чамасында спортчулар Мухаммед-Умар спорт клубунун имаратынын жанында Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору, ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууганы Улукбек Өмүрзаковду колдоп митинг уюштурушкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк борбордун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Каршылык акциясына 150дөн ашуун адам катышкандыгы белгиленди. Спортчулар прокурордун күнөөсүз экендигин айтып, аны бошотууну талап кылышты. Бир сааттан кийин алар тарап кетишти. Коомдук тартипти эч ким бузган жок.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 3-ноябрында жолугушуу учурунда Президенттин м.а Садыр Жапаров Ош шаарынын калкы менен, жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов аны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаковдун бир тууганы - Улукбек Өмүрзаков кысымга алып жаткандыгын билдирди.

Ошол эле күнү Ыдырысов сураган жагдайды аныктоо үчүн УКМКга чакырылган.

4-ноябрда түштүк борбордун жашоочусу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылып, арыз ээси менен биргеликте негизделген "Жолчырак" ЖЧКсынын көмүр кенин мыйзамсыз басып алган прокуратуранын кызматкери Улукбек Өмүрзаковго чара көрүү өтүнүчү менен жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. ...

Улукбек Өмүрзаков 12-ноябрда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна эки айга камалды.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх