Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Президентинин м.а Валентина Шевченкону UFC турниринде титулун коргогондугу менен куттуктады.

Талант Мамытов Кыргызстандын бардык эли бул күрөштү чыдамсыздык менен күткөнүн белгиледи

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов UFC версиясындагы аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Лас-Вегаста өткөн UFC 255 турниринде титулун коргогондугу менен куттуктады.

«Өлкөнүн жалпы эли Сиздин таймашты чыдамсыздык менен күтүп, мушташты башынан аягына чейин тынчсыздануу менен көрүштү. Сиз Кыргызстандын сыймыгысыз жана Сиздин аркаңыздан өлкөнүн желеги дүйнөлүк спорт майданында дагы бир жолу бийик желбиреди. Чемпиондукка жол талбаган эмгек менен аракеттин аркасында салынат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздин бир тууганыңыз Антонинаны дагы ошол эле мелдештеги жеңиши менен куттуктайм. Мен сизге мындан ары дагы Кыргызстанды чет өлкөлөрдө даңазалай бересиз деп бекем ишенем, ал эми мекендештердин колдоосу жана каалоо-тилектери сизге тирек болот. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана профессионал спорттук карьераңызда жаңы-жаңы жеңиштерди каалайм», — деп белгиленет Талант Мамытовдун куттуктоосунда.


Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх