Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы Конституциянын долбоорун лингвистикалык экспертизадан өткөрүү үчүн эксперттик топ түзүлдү

Тиешелүү буйрукка Президент Талант Мамытовмилдетин аткаруучу кол койду. Топтун мүчөлөрү кимдер?

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна жана Конституциялык кеңешме иштеп чыккан сунуштарга лингвистикалык экспертиза жүргүзүү максатында лингвистикалык эксперттик топ түзүлдү.

Лингвистикалык эксперттик топтун курамы:

— Султанбаев Абдыкадыр Дарданович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын лингвистикалык экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы, эксперттик топтун жетекчиси;

— Абдыжапар уулу Мундузбек — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын лингвистикалык экспертиза секторунун башчысы;

— Абдысадыр уулу Азат — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы;

— Абыкеев Чолпонбек Абыкеевич — жазуучу-котормочу (макулдашуу боюнча);

— Досалиев Турсунияз Акматжанович — лингвист-котормочу;

— Ишекеев Назаркул Ишекеевич — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;

— Койчубакова Айнура Кеңешовна — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын ченемдик актыларды иштеп чыгуу жана чыгаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

— Маразыков Турусбек Сейдакматович — филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

— Медералиев Жумабек Асекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы;

— Сейдалиев Канатбек Шакирович — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси;

— Сооронкулов Гүлжигит Умарович — филология илимдеринин доктору, профессор, лингвист-котормочу (макулдашуу боюнча);

— Тагаев Мамед Жакыпович — филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча).

КР Президенттик аппаратынын басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх