Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аламүдүн районунда жаран шеригин бычактап салган

Киши өлтүрүү мас абалындагы чырдан улам болгон

Мындан бир күн мурун, 2020-жылы 24-ноябрда, саат 16: 37де Аламүдүн РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө аял ооруканага бара жаткан жолдо бычактан жаракат алып көз жумгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130 (адам өлтүрүү) беренеси боюнча КЖБРдин АСке катталган. 

Бул кылмышка шектүү катары милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун тургуну 41 жаштагы З.В. кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өлтүрүү мас абалында уруштан улам болгон, анын учурунда  З.В. аттуу жаран сол жак тарабына ашкана бычагы менен 33 жаштагы шеригин  Б.Л.ны урган. Ал ооруканага жетпей көз жумган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Чүй облусунун ИИББ  басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх