Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК "колдоочулар" жана "көзөмөлчүлөр" статусундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады (сүрөт)

Бандиттер ишкерден Бишкектеги базарлардын биринен соода түйүнүн берүүнү талап кылышкан. Ишкерди шаардын четине алып барышкан

Бир күн мурун, 25-ноябрда УКМКнын кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун 1988-жылы туулган Э.Т. менен 1988-жылы туулган Э.К.ны өздөрүн "колдоочу" жана "көзөмөлчү" деп атагандар кармаган.

2020-жылдын сентябрь айында кармалгандар физикалык күч менен коркутуп, жеке ишкерден Бишкек шаарынын соода жана базар комплекстеринин биринде жайгашкан соода түйүнүн өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Ошол эле учурда, кылмыштуу топтун бул мүчөлөрү өздөрүнүн кылмыштуу пландарын жана коркутууларын ишке ашыруу үчүн, ишкерди борбордун четине алып кетишкен.

 

Бул факт боюнча, сотко чейинки процесстин материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча КЖБРдин АСке катталды. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.

 

Учурда УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды табуу жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

 

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх